Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 28.08-02.09.2017

1062 кароо Аналитика 0

Чет элдик тапшырык. Кыргызстандын беш тигүүчү компаниясы 1,5 млн АКШ доллар өлчөмүндө чет элдик ритейлер менен келишим түзүшкөн. Келишимдер бизнести өнүктүрүү боюнча BGI долбоору – USAID демилгелеринин алкагында түзүлгөн. Айрым ритейлер 200 ашык кийим үлгүлөрүнө жана сунуштарга тапшырык жиберишет.

BGI долбоору өлкөнүн экономикасын текстилдик-тигүүчүлүк, туристтик жана курулуш тармагы аркылуу жакшыртуу иштерин аткарат.

USAID бизнести өнүктүрүү долбоору кыргызстандык тигүүчү компанияларга өз продукциясын чет элге алып чыгууга жардам берет. Долбоордун милдети – эл аралык адистерди республикага чакырып, аларга жергиликтүү өндүрүштөгү товарларды көрсөтүү экенин долбоордун өкүлдөрү ырасташууда. Долбоор кыйла ийгиликтүү. Өткөн жылы кыргызстандык “Назик” жана “Зорин” кийим маркаларынын өндүрүүчүлөрү Санкт-Петербургдун ири кийим ритейлеринин бири - Melon Fashion Group (MFG) компаниясына көйнөктөрдүн тапшырыгын аткарган. Быйыл тигүүчү компаниялар MFG үчүн 500 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү 13 тапшырыкты аткарган.

Товардык белги мыйзамдашууда. Евразичлык экономикалык биримдик бир катар эл аралык, анын ичинде товардык белгилерди жана өндүрүү жерин каттоону жөнгө салуу боюнча келишимдерге кол коюуну пландап турат. Евразиялык комитеттин расмий өкүлдөрүнүн айтымында, бул документтерди кабыл алуу бизнес жана мамлекеттик органдардын ортосундагы укуктук мамилелердин өнүгүшүнө таасирин тийгизет. Өндүрүүчүлөр, анын ияинде чет элдик инвесторлор экономикалык Союздун аймагында интеллектуалдык менчик объектилерине укукка ээ болот. Бул ЕАЭБде бизнес-климатынын жакшыруусун шарттайт.

Эки негизги документти кабыл алуу белгиленген. Биринчиси –ЕАЭБ товардык белгисин киргизүү. Ал жаңы интеллектуалдык менчик объектиси катары болуп, союздун бардык аймагында коргоо укугуна ээ болот. Ал эми регистрация жана бирдиктүү коргоо документин улуттук патенттик ведомстволордун бирине өтүнмө билдирүү менен алууга болот. Экинчи документ – бул бирдиктүү бажы реестрин киргизүү регламенти ЕАЭБ интеллектуалдык менчикти коргоо чараларын ишке ашыруу максатында иштелип чыгат.

Банктын эсептик коюму. КР Улуттук банкы 5% өлчөмүндө эсептик коюмду сактап калды. Банк мындай чечим өткөн жумада кабыл алынганын билдирди. Улуттук банктын маалыматы боюнча факт түрүндө инфляция күтүлгөн божомолдор менен дал келет жана акча-насыялык саясаттын төмөнкү чегине 5-7% диапазонунда жакындайт. 2017-жылдын августунда жылдык инфляция 3,9%ды түздү.

Кыргызстанда ИДПнын өсүшү 2017-жылдын январь-июлунда 6,9%ды түзүп, “Кумтөрдү” эске албаганда 3,6% болгон. Экономиканын өсүшүнө негизги таасирин өнөктөш өлкөлөрдүн абалынын жакшыруусу жана чет элден акча которуулардын өсүшү тийгизген. 2017-жылдын 7 айында акча каражаттарынын таза агымы 28,8%га көбөйүп, 1,1 млрд долларды түзгөн. 2016-жылы бул сан 846 млн долларга жеткен.

Насыя берүүнүн бардык түрүнүн орточо коюму 16%га төмөндөгөн. Сомдук насыяда эсептик коюм 2016-жылы 27%ды, 2017-жылы 19%ды түзгөн.

КР алтын валюталык резерви. Кыргызстандын Улуттук банкынын 2017-жылдагы алтын валюталык фондунун өлчөмү 2,2 млрд долларды түзгөн. Бул сан 2016-жылы 1 млрд 969 млн доллар болгон.

2016-жылы КР Улуттук банкы 25 млн доллар валютаны таза сатып алуу жүргүзгөн. 2017-жылы КРУБ 5 ирет сатуу жана 4 сатып алуу жасаган. Таза сатуунун суммасы 5 млн долларды түзгөн.

Улуттук банк негизинен алтын валюталык фондду негизинен алтын, доллар, евро, британиялык фунт, юань, иень, баалуу кагаздар ж.б. түзөт. Алтындын жалпы көлөмү 11%ды түзөт. Улуттук банк тарабынан алтын алуу 2011-жылы башталып, бүгүнкү күнү резервде 3 тонна сакталган.

Төлөөчү “Газпром”. “Газпром” компаниясынын Кыргызстанда иштеген 10 жылдан ашуун мезгилде өлкө бюджетине 1 млрд долларга жакын төлөнгөн. КР өкмөтү өлкөгө газ ташууну толук көзөмөлдөгөн жана Өзбекстандан КР аймагы аркылуу Казакстанга кеткен газ түтүктөрүн оңдогон россиялык компаниянын салымын жогору баалайт. Себеби бул республиканын газ менен үзгүлтүксүз камсыз болушуна кепилдик берет. Анын үстүнө “Газпром” Кыргызстандын калкынын 60 пайызын көгүлтүр от менен камсыздоо долбоорун ишке ашырып келет.

Каражаттарды кайтаруу. Жыл башынан бери Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматы өлкө казнасына 1,2 млрд сом кайтарган. Кызмат калк арасында, уюмдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, 8 айда жашырылган төлөмдөрдүн олуттуу бөлүгү кайтарылган. Кыргызстандын көмүскө экономикасынын көлөмүн баалоо кыйын, бирок айрым булактардын маалыматы боюнча Кыргызстандын көмүскө экономикасы 30-70%ды түзөт. Жашырылган салык жана башка төлөмдөр коррупциянын күчөшүнө алып келет. Бул өлкө бюджетинин киреше бөлүгүн төмөндөтүүгө түртөт.

Өзүбүзгө жана коңшуларга электр энергиясы. Өзбекстанга электр энергиясын сатуудан түшкөн киреше үстүбүздөгү жылдын июлунан тартып 13 млн долларды түздү. Бул сумма Кыргызстанга төлөнгөн. Расмий маалыматтар боюнча 2017-жылы жайдын этегинде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,5 млрд метр кубду түзгөн. Бул көрсөткүч дээрлик суу сактагычтын максималдуу көлөмүндөй. КР өкмөтү тарабынан суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу чечими кабыл алынып, кошумча электр энергичсын иштетүү жана аны Өзбекстанга экспорттоо башталган. Учурда 825 млн кВ саат электр энергиясы коңшу өлкөгө экспорттолот. Келишимге ылайык, 1,2 млрд кВ саатты бир кВсын 2 америка центи баасында экспорттоо пландалууда.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өлкөнүн электр энергиясына болгон керектөөсүн үзгүлтүксүз камсыздоого кепилдик берет. Ошону менен бирге кызыкдар мамлекеттик органдар үчүн жетиштүү көлөмдөгү көмүр менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Алсак, жаңыланган Бишкек ЖЭБи үчүн 450 миң тонна көмүр алуу келишимине кол коюлду. Ош шаарынын ЖЭБин камсыздоого 14,4 миң тонна мазут ташуу пландалган. “Электр станциялары” ААК “Кыргызнефтгаз” ААКсы менен мазут ташуу келишимин түздү. Бир сөз менен айтканда, алдыдагы кыш-күз жылуулук мезгилине Кыргызстан толук түрдө даярдык көрүүдө.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий